КР Министрлер Кабинетинин 12.06.2024 ж. №304 токтому

Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө


Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1..Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестри (мындан ары – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2..Төмөнкүлөр белгиленсин:

1).мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартат;

2).акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуудан кийин белгиленген тартипте бекитилет. 

Акы төлөнүүчү негиздеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана бекитилет;

3).бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет;

4) ушул токтом төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:

– мамлекеттик ишканаларга;

– өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);

–.жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактарга;

–.театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө;

– өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларына;

–.жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүнө.

Бул өз ара аракеттенүүнүн алкагында кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

3..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери                              2-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.

4..Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери:

1).Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин жетекчиликке алсын;

2).Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин. 

5..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6..Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                     А.У. Жапаров

2 Тиркеме-1 реестр.doc

3. тиркеме-2.docx


Тиркемелер

Басып чыгаруу