Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
28-июнундагы № 170 “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө”токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
– эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү:
1. Факультеттин деканынын, факультеттин деканынын орун басарынын жана кафедра башчысынын милдеттерин аткаруу үчүн айына тиешелүү түрдө 1 440, 1 080 жана 900 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.
2. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунунпрофессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун тарифтик ставкасынын (маянасынын) өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти 80 пайызга жогору, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда жана анын Түштүк филиалында тийиштүү окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамдын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен
170 пайызга жогору, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында– 140 пайызга жогору, академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясында – 200 пайызгажогору, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда – 100 пайызга жогору белгиленет.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, клиникалык иштерди жүргүзүүчү жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенти тиешелүү окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.
3. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин орто медициналык билими бар ассистент-стажерлорунун, окутуучуларынын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенти
1,407 өлчөмүндө белгиленет.”;
2) жогоруда аталган токтомдун 13-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун
2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Врачтык персоналдын квалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– жогорку квалификациялык категория – 6 000 сом;
– I квалификациялык категория – 4 000 сом;
– II квалификациялык категория – 2 000 сом.
Орто медициналык персоналдынквалификациялык категориясы үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– жогорку квалификациялык категория – 5 000 сом;
– I квалификациялык категория – 3 000 сом;
– II квалификациялык категория – 1 000 сом.”;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Айыл жергесинде иштеген кызматкерлерге 1 800 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.”;
– 17-пункттагы “15” деген цифралар “25” деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184 “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө”токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 1-пункттагы “3,05” деген цифралар “3,70”деген цифраларга алмаштырылсын;
– 3-пункттагы “, бөлүм башчы” деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“
31 | Бөлүм башчы | 2,55 |
”;
– 4-пункттагы “2,14” деген цифралар“2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 6-пункттагы “1,85” деген цифралар“2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 7-пункттагы “1,59” деген цифралар“1,75” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 8-пункттагы “1,35” деген цифралар“1,70” деген цифрага алмаштырылсын;
– 9-пункттагы “1,28” деген цифралар“1,30” деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
– 1-пункттагы “2,88” деген цифралар“3,50” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 2-пункттагы “2,56” деген цифралар“2,65” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 4-пункттагы “2,14” деген цифралар“2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 8-пункттагы “1,59” деген цифралар“1,70” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 11-пункттагы “1,28” деген цифралар“1,30” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 13-пункттагы “2,28” деген цифралар“2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
– 1-пункттагы “2,88” деген цифралар“3,50” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 3-пункттагы “2,28” деген цифралар“2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
– 1-пунктундагы “2,26”, “2,39”, “2,52” жана “2,69” деген цифралар тиешелүү түрдө “3,40”, “3,50”, “3,60” жана “3,70” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 2-пункттагы “1,70”, “1,84”, “1,97” жана “2,14” деген цифралар тиешелүү түрдө “2,50”, “2,60”, “2,70” жана “2,80” деген цифраларгаалмаштырылсын;
– 7-пункттагы “2,14” деген цифралар “2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесинде:
– 5-пункттун “Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин Ош шаарындагы филиалы” главасында “2,30”деген цифралар “2,40” деген цифраларга алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинде:
– 9-пункттун “Кенже тейлөөчү персонал”главасында
“1,28” деген цифралар “1,30” деген цифраларга алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тарипте “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу” Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучутиешелүү чараларды көрсүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен Өнүктүрүү жана дем берүү фондун түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунда каралган эмгекке катышуу коэффициенти түрүндө эмгек акы фондун үнөмдөөнүн эсебинен кошумча төлөмдөрдү этап-этабы менен жокко чыгаруучу дем берүүчү төлөмдөрдүн жаңы механизмин иштеп чыксын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров