КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин
 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 “Региондорду өнүктүрүү фонддору тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 
 1-тиркемеге ылайык;

– Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн социалдык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 2-тиркемеге ылайык;

– Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн экономикалык долбоорлорду тандоонун критерийлеринин жана индикаторлорунун таблицасы 3-тиркемеге ылайык;

– Максаттуу каржылоо жөнүндө келишим 4-тиркемеге ылайык;

– Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби 5-тиркемеге ылайык;

– Экономикалык долбоорлор боюнча кредиттик линияны финансы-техникалык тейлөөгө укуктарды өткөрүп берүү боюнча Регионду өнүктүрүү фондунун, финансы-кредиттик уюмдун жана ишкердик субъекттин ортосундагы типтүү макулдашуу 6-тиркемеге ылайык.”;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун
 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 5 жана
 6-тиркемелер менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме 1.docx

2 тиркеме.docx

Приложение 6 (1).docx


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров




Тиркемелер

Басып чыгаруу