Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү, бал өндүрүү жана аарычылыкты уюштуруу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө
Аарычылык тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча талаптарды белгилөө, аарычылык чарбаларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, аарычылык продукциясынын сапатын жакшыртуу жана өндүрүү көлөмдөрүн андан ары көбөйтүү, тармактын экспорттук потенциалын кеңейтүү максатында, “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 13-статьяларына, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү жана аарычылыкты уюштуруу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Накта бал жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Тиркеме А 1 Ааырычылык уюштуруу,.doc
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев