Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” жана
“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Убактылуу коргоо ордеринин формасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук
жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программа
3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомду ишке ашыруу маселелери боюнча калк арасында, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча отчетторду түзүү жана берүү маселесин иштеп чыксын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 “Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 528 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 3-октябрындагы № 642 “Коргоо ордеринин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
1-Тиркемеге Тиркеме, баалоо Протоколу..doc
Тиркем-1, Үй-бүлө зомб Методикасыdocx
Тиркем-2, Форма УКО ( ВОО)..doc
Тиркем-3, Коррекция Программасы docx
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев