Правительство Кыргызской Республики одобрило пакет проектов законов по вступлению в Таможенный союз

29 Баш оона, 2014

Бүгүн, 29-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү, анын иши Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Беларусь, Казакстан жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык аймагына кошулуусу үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорунун толук тизмесин бекитүүгө арналат.

Жалпысынан күн тартибинде Кыргыз Республикасынын 21 Мыйзамын бекитүү каралган, аларды Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө дейре кабыл алуу зарыл. Үч ай бою күн сайын иштиктүү топтордун жыйындары өткөрүлүп турган, анын натыйжасы катары иштелип чыккан нормативдик-укуктук актылардын жыйындысы эсептелет.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөт мүчөлөрү тарабынан мыйзам долбоорлор пакети бир добуштан колдоого алынды. Натыйжада, Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча “жол картасын” ишке ашыруу алкагындагы 2014-жылдын 29-майында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында кабыл алынган өз милдеттенмелери дээрлик толук көлөмдө ишке ашырылды.

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө келечектеги Евразия интеграциясы жана Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча Жол картасын камсыздоо маселеси каралды, натыйжада ал жактырылды. Аталган документ Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынында бекитилээри пландаштырылууда.

«Бүгүн биз сиздер менен мамлекетибиз үчүн тарыхый чечимди кабыл алуудабыз. Биз бир добуштан мыйзам долбоорлордун жалпы жыйындысын кабыл алдык жана өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсү үчүн тийиштүү документтер топтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтөбүз», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү