КР Министрлер Кабинетинин 13.05.2025-ж. № 251 токтому

Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук  актыларды  бекитүү жөнүндө

Өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана өрттөн келип чыккан материалдык зыянды азайтуу, адамдарга өрт жөнүндө өз убагында кабарлоо жана аларды ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, мүлкүн өрттөн коргоо максатында, “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
 1-тиркемеге ылайык;

2) өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системалары менен коргоого тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык. 

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, башка мамлекеттик органдардын (макулдашуу боюнча) жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, уюмдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашыруудан келип чыгуучу иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
 29-апрелиндеги № 196 “Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен корголууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
 6-мартындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 196 “Өрткө баруунун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
 10-сентябрындагы № 509 “Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 7-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 11-июнундагы № 277 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 2-пункту; 

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 22-августундагы № 381 “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
 15-декабрындагы № 607 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2018-жылдын 22-августундагы № 381 “Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Тиркеме 1 (3).docx

Тиркеме 2 (2).docx

1-тиркеме.docx

2-тиркеме.docx

3-тиркеме.docx

4-тиркеме.docx

5-тиркеме.docx

6-тиркеме.docx

7-тиркеме.docx

8-тиркеме.docx

Өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарын аныктоо боюнча таблицага 1,2,3 тиркеме.docx

Өрткө каршы ыкмалардын минимумум.docx

Тизмеге №1-тиркеме.docx

Тизмеге №2-тиркеме.docx


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                         А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу